Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Акөргөлүктөр мэрияга жерди кайтарып берүү талабын койду


Кечээ Бишкек четиндеги Ак-Өргө конушунун 100гө чукул жашоочулары "мэрия 10 гектарга жакын жерди кайтарып берсин" деген талап менен нааразылык акциясына чогулушту. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул жерге бала бакча, оорукана жана балдар үчүн аянтча курулушу керек болчу, бирок 2005-жылы жеке менчик турак-жай үчүн сатылып кеткен.

Ал эми Бишкек мэриясына караштуу жеке турак-жай куруу департаментинин директору Самарбек Болотбеков аталган жер тилкеси сатылбаганын билдирди. Маалыматка ылайык, 10 гектарга чукул жер тилкеси 2005-жылы Ленин райондук акимчиликтин токтомунун негизинде бөлүнүп берилген. Азыр жеке турак-жай үчүн жерге ээлик кылгандардын кызыл китеби бар. Акимчиликтен бул маселени териштирерин айтышты. (AKu)

XS
SM
MD
LG