Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Москвада мигранттарга колдоо көрсөтүүчү борбор ачылды


«Call-center «Байланышта» деп аталган борбор мигранттарга укуктук жана башка маселелер боюнча колдоо көрсөтөт. Борбордун жетекчиси Асылбек Эгембердиевдин «Азаттыкка» билдиришинче, бул жерге Орусиянын бардык аймактарынан телефон чалып кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар. Байланыш борбору азырынча Москвадагы «Кыргызстан» соода үйүнүн колдоосу менен иштеп жатат, түз байланыш телефону түнү-күнү иштейт. ( +7 (495) 544 38 28; +7 (495) 911 45 04)

Байланыш борборунун ачылышына Кыргызстндын Орусиядагы элчилигинен, Эл аралык миграция борборунан өкүлдөр жана Москвдагы кыргызстандыктардын диаспораларынын жетекчилери катышты. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин вице-консулу Алмаз Букалаев борбордун иштеп турганы Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар үчүн чоң колдоо болорун, аларга жардам көрсөтүүдө элчиликке көмөк борбор болорун белгиледи.

Акыркы эки жылдан тартып Оусиядагы Кыргызстандын элчилигинде кыргызстандык мигранттар үчүн «Интернет-кабылдама» иштеп келатат.
XS
SM
MD
LG