Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Нарында казынага ири зыян келтирген учур аныкталды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет таш көмүр казган “Нарк-Тоо” ишканасынын мыйзамсыз иш-аракеттери ашкереленгенин билдирди. Ага ылайык, аталган ишкана 2009-жылдан бери көмүр казганы менен салык төлөгөн эмес.

Нарындын салык кызматынын билдиришинче, мунун айынан бюджет 1 миллион сомдон ашык акчадан кур жалак калган. Бул факт боюнча УКМК кылмыш иш козгоду. Учурда тергеп-иликтөө жүрүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG