Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:45

УКМК: өткөн айда пакорчулук боюнча 400дөн ашуун арыз түштү


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жер-жерлердеги коомдук кабылдамаларына апрель айында 400дөн ашуун арыз түшкөн. Алардын басымдуу бөлүгү тартип коргоо, өзүн-өзү башкаруу органдарына жана мамлекеттик мекемелерге карата даттанган. Аталган кызмат 150дөй арызды тиешелүү министрлик-мекемелерге чара көрүү үчүн жөнөттү. Калган материалдарды УКМК өзү териштирип жатат.

Расмий маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы былтыр 300гө жакын иш козгогон. Анын ичинен 90дон ашыгы сотко жетип, андан иргелип отуруп, 40 адам соттолгон. Быйылкы жылдын үч айында 63 кылмыш иши ачылып, анын теңинен көбү сотко жөнөтүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG