Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Булак-Башы айылы менен Өзбекстандын Чустк районунун Гава айылынын кесилишинде кыргыз-өзбек Чек ара кызматтарынын башчылары жолукту. Анда чек ара тактала элек аймактарды кайтаруу, кээ бир чек ара тилкелерди биргелешип күзөтүү маселелери талкууланды.
Тараптар Чаткалдагы Найза-Сай чек ара туругуна Өзбекстандын аймагы аркылуу жүк жеткирүү, өтө чукул учурда андагы кыргыз чек арачыларына ыкчам медициналык жардам көрсөтүүнү макулдашты.
Кыргыз тарап Өзбекстандагы кыргыз эксклавы Барактын тургундарынын малын жайлоого "Ак-Таш” чек ара бекети аркылуу айдап чыгууга уруксат сурады. Өзбек тарап сунушту ойлонуп көрө турганын айтты. Жолугушуу соңунда тараптар кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым тилкелерди биргелешип күзөтүүнү макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады. (EBM)