Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Бангладеш: Полиция менен исламчылардын кагылышында 15 адам өлдү


Бүгүн Бангладештин коопсуздук күчтөрү эскичил исламчылардын өлкө борбору Даккадагы демонстрациясын көздөн жаш агызчу газ жана желим ок атып, таркатты.

Маалыматтарга караганда, Даккадагы кагылышта кеминде сегиз адам, анын ичинде эки полиция жана бир жоокер, ал эми шаар четиндеги Канчпурда 7 адам апаат болду. Жарадарлар ондоп саналат. Исламчылар кудайга акаарат айткандарды катуу жазалоону, анын ичинде өлүм жазасына тартуу жана исламды кеңири окутуу сыяктуу талаптарды коюшту.

Бул акция эки апта илгери Дакканын четиндеги сегиз кабаттуу кийим тигүүчү фабрика кыйраганга байланыштуу, нааразылык курчуп турган кезде өттү. Фабрикадагы авариядан өлгөндөрдүн саны бүгүнгө чейин 650гө жетти. Урандылардын астында калган жумушчуларды издөө уланууда.
XS
SM
MD
LG