Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

Ош милициясы “Бороон” операциясын өткөрдү


Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иштер башкармалыгы 2-5-май күндөрү уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүн кармоо, мыйзамсыз курал-жарактарды табуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча “Бороон” деп аталган атайын операция өткөрдү. Анын жүрүшүндө мурда катталган 16 кылмыштын бети ачылды жана издөөдө жүргөн эки адам кармалды. Ошондой эле үч ок атуучу курал алынды. Унааны айдай качкан 19 жаштагы эки бала камалды. Терезелерин караңгылатып алган алтымыштан ашуун автоунаа унаа токтотуучу жайга киргизилди. Андан сырткары кылмышка жакын адамдар арасында жана сауна, конок үй, мейманкана администраторлору менен түшүндүрүү иш-чаралары өттү. Бул тууралуу Ош милициясынан кабарлашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG