Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Бангладеш полициясы менен исламчылардын кагылышында 15 адам өлдү


Бангладештин коопсуздук күчтөрү эскичил исламчылардын өлкө борбору Дакадагы миңдеген адамдар катышкан демонстрацияны көздөн жаш агызчу газ жана желим ок менен атып таркатты. Маалыматтарга караганда, Дакадагы кагылышта кеминде сегиз адам, анын ичинде эки полициячы жана бир жоокер, ал эми шаардын четиндеги Канчпурда 7 адам апаат болду. Жарадарлар ондоп саналат. Исламчылар кудайга акаарат айткандарды катуу жазалоону, анын ичинде өлүм жазасына тартуу жана исламды кеңири окутуу сыяктуу талаптарды коюшту.

Бул акция эки апта илгери Даканын четиндеги сегиз кабатуу кийим тикчү фабрика кыйраганга байланыштуу нааразылык курчуп турган кезде өттү. Фабрикадагы кырсыктан өлгөндөрдүн саны 650гө жетти. Урандылардын астында калган жумушчуларды издөө уланууда.

XS
SM
MD
LG