Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

АКШ транзиттик борборун жабууну талап кылган акция өтөт


Бүгүн Бишкекте “Манас” аба майданындагы АКШнын жүк ташуу борборун жабууну талап кылган акция өтөт. Акцияны “Жөн эле” деп аталган демилгелүү топ уюштурууда. Аталган топтун мүчөсү Атай Бейшенбек уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, транзиттик борбор Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтирип, экологияга зыянын тийгизүүдө:

-Мына өткөн аптада эле АКШнын учагы кырсыкка учурады. Эгер ал айылдын үстүнө куласа эмне болот эле? Ошондуктан, биз бийликтен бул борборду тезинен чыгарууну талап кылабыз.

Аталган топ буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында ушундай эле талап менен митинг уюштуруп келген.

Ооганстандагы антитеррордук операция үчүн колдонулуп келаткан транзиттик борбор боюнча Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин мөөнөтү 2014-жылы аяктайт.(BkA)

XS
SM
MD
LG