Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Батукаев боюнча Нарын түрмө башчысы көрсөтмө берип жатат


Кылмыш дүйнөсүнүн лөгү атыккан Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтеген депутаттык комиссия бүгүнкү жыйынында Нарындагы түрмөнүн башчысы Кубанычбек Касмалиевдин көрсөтмөсүн угуп жатат. Буга чейин комиссия корутундусу 12-майга чейин даяр болору маалымдалган. Батукаевдин дартын иликтеген эксперттик топ ага коюлган диагноздон күмөн санаган тыянак чыгарган.

9-апрелде Нарын шаардык соту Азиз Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Парламент бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзгөн. Депутаттык комиссия Батукаевдин бошотулушуна катышы бар делген бир катар жетекчилерди кызматтан убактылуу четтетүүнү сунуштап, вице-премьер-министр Шамил Атаханов кызматын өз эрки менен убактылуу тапшырган. (EBM)

XS
SM
MD
LG