Бул тууралуу “Азаттыкка” Сузактын Барпы айылдык кеңешинин депутаты Дөөлөтбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, айылдык кеңеш депутаттары “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин Барпы айылына кошкон эмгегин эске алып, аталган айылга анын айкелин тургузуу тууралуу токтом кабыл алышкан.
Токтомго ылайык, айкелди каржылоого айылдык кеңештин бюджетинен акча бөлүнүшү керек болчу. Бирок мындай демилгени жеке демөөрчүлөр колдоп, учурда айкел жасалып жатат. Муну менен катар айылдык кеңеш депутаттары өлкө жетекчилерине кайрылып, “Ата Журттун” камактагы депутаттарын бошотууну талап кылып кайрылуу жолдошконун да билдирди.
Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов өткөн жылы 3-октябрда Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүү менен коштолгон митингден соң камакка алынган. 29-мартта Бишкектеги Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду бир жарым жылга, Талант Мамытов менен Ташиевдин үч жан сакчысын бир жылга эркинен ажыраткан. Эл өкүлдөрүнүн адвокаттары сот өкүмүнө макул болбой, экинчи инстанцияга арыз менен кайрылып, учурда иш Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.(BkA)