Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

АКШ жана Орусия Сириядагы абал боюнча конференция өткөрөт


АКШ жана Орусия Сириядагы кан төгүүнү токтотуу үчүн Башар Асаддын өкмөтүнүн өкүлдөрү менен козголоңчулардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоого биргелешип аракет кылат.

Бул тууралуу шейшембиде АКШнын мамкатчысы Жон Керри Москвада орус президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан соң белгилүү болду. Ага ылайык, эки өлкө Сириядагы абал боюнча эл аралык конференция уюштурганы жатат. Конференция майдын аягында өтүшү мүмкүн.

Анда өткөн жылы Женевадагы конференцияда кабыл алынган коммюникенин шарттарын ишке ашыруу талкууланат. Былтыр Женевадагы кабыл алынган коммюникеге ылайык, Сирия өкмөтү жана куралдуу оппозиция урушту токтотуу боюнча утурумдук келишим түзүшү керек. Андан соң убактылуу өкмөт түзүлүп, жаңы президентти шайлоо каралган.

XS
SM
MD
LG