Мамлекеттик салык кызматынын жумушчу тобу Бишкектеги “Дордой” базарында бир айга жакын рейд өткөрдү. Анын жүрүшүндө 17 миңге жакын соода түйүн текшерилди. Анын 800гө жакынынын ишинде Салык мыйзамы бузулган факт катталды. Ошондой эле базардан ай сайын түшчү салыктын көлөмү 34,5 миллион сомдон ашык деп аныкталды. Шаардагы Свердлов районунун салыкчыларына ай сайын бул акчанын чып-чыргасын коротпой чогултуу тапшырылды.
Жакында базардагы контейнерлердин үстүнө коюлган экинчи кабаттагы контейнерлерге кошумча салык киргизилген. Буга соодагерлер нааразылык билдирип, митингге чыгышарын эскерткен эле.
"Дордой" Борбор Азиядагы ири базар болуп саналат. Былтыр казынага 314 миллион сом төккөн. Бирок өкмөт башчы салык көлөмү аз экенин айтып, сынга алган эле. (EBM)