Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Сирияда интернет иштебей калды


Дүйнөдө интернеттин ишине көзөмөл кылган уюмдардан, анын ичинде Google ишканасынан билдиришкендей, Сириядагы интернет кечээ өчө баштаган. Буга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Эксперттер эмне болуп кеткенин качан гана кимдир бирөө бул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганда билебиз дешет. Сирияда интернет былтыр күзүндө да эки күнгө толук өчүп калган эле.

Кечээ өлкөнүн президенти Башар ал-Асад “Израилдин агрессиясына каршылык көрсөткөнгө кудуретибиз жетет” деп билдирген. Бул жөнүндө ал Дамаскта, Ирандын Тышкы иштер министри Али Акбар Салехи менен жолуккандан кийин айтты. Асад Израилди “террористтерди колдоп жатат” деп айыптады. Сирия өкмөтү өлкөдө бийликке каршы курал көтөрүп чыккан козголоңчуларды “террорист” деп билет.

Бириккен улуттар уюму бул өлкөдө эки жылдан бери уланып жаткан жарандык согушта 70 миңдей адам өлгөнүн айткан.

XS
SM
MD
LG