Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Кытайдын Оштогу консулу Жалал-Абаддагы балдар үйүнөн кабар алды.


Бүгүн Кытайдын Оштогу баш консулу У. Инцинь шаардагы “ Акбермет” аттуу балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен баарлашты.

Ал балдар үйүнө эки кап күрүч, үч банка өсүмдүк майын тапшырып, консулдун кызматкери балдарга палоо демдеп берди. Балдар үйүнүн тарбиялануучулары жыл башынан бери кытай тилдүү мугалимдер тарабынан кытай, англис тилдерин жана компьютер үйрөнүүдө.

Балдар үйүнүн башчысы Алима Ташбаеванын билдиришинче, “Акберметте” үч жаштан он сегиз жашка чейинки томолой, жарым жетимдер жана турмушу начар үй-бүлөлөрдүн 12 баласы тарбияланууда.(YA)

XS
SM
MD
LG