Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Эртелей эне болгон секелектер


Кыргызстандагы эрте эне болуу жана эрте никеге туруу маселелери боюнча изилдөө жарыяланды.

Кыргызстандагы эрте эне болуу жана эрте никеге туруу маселелерин изилдеген «Бир дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы “Сиздин оюңуз” деген 18 мүнөттүк даректүү тасма тартты. Анда өспүрүмдөр арасында эрте кош бойлуулуктун, бойдон алдыруунун жана эрте эне болуунун саны өсүп бара жаткандыгы айтылат.

«Бир дүйнө» укуктук кыймылынын юристи Лира Исмаилованын айтымында, эрте никеге коомдун кайдыгерлиги да түрткү болууда.

- Эрте курактагы нике дебей, “балдардын никеси” деген түшүнүктү киргизели деп жатабыз. Ошондо балким түшүнүктүү жана таасирлүү болуп, кандайдыр бир иш-чаралар болот. Анткени ал чындап эле бала да. Ал эми эрте курактагы нике дегенге кош көңүл карап коюшууда.

Изилдөөдө 2011-жылы стационардык бөлүмдө катталып, төрөгөн энелердин ичинен 1,2 пайызы өспүрүм курактагы кыздар болгон. 2011-жылы Кыргызстандагы 1 200 баланы 15-17 жаштагы жана 10 500 баланы – 18-19 жаштагы энелер төрөгөн. Бул жалпы көрсөткүчтүн 8,5 пайызын түзөт. Ошондой эле республикада ар жылы расмий түрдө 12-17 жаштагы өспүрүмдөр арасында 1 200 бойдон алдыруу катталары айтылган.

Лира Исмаилова буларга токтолду.

- Биздин изилдөө боюнча, балдар үйлөрүнө эрте никеге тургандардын балдары түшүп баштаптыр. Ажырашкан жаш энелердин балдары ошол жерлерге түшүп, же ата-энелерине, же коомго кереги жок болуп калышууда.

Ал эми Евразиядагы мамлекеттердин ичинен 19 жашка чейинки төрөгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан 5-орунду ээлеген. Изилдөөнүн авторлорунун бири, “Демократиялык процесстерди изилдөө» борборунун өкүлү Лариса Илибезова болсо өспүрүм кыздардын эрте никеге туруусуна имамдардын, молдолордун да салымы бар деп эсептейт.

- Негизи мусулман үй-бүлөлөрдө нике кыйылат. Нике менен үй-бүлө түзүлүп, ал дин аркылуу мыйзамдаштырылат. Бирок биздин молдокелер азыр 15-16 жаштагы кыздарга да нике кыйып жатышат. Муну менен алар үй-бүлө кодексин бузушууда. Биз болсо Кыргызстандын мыйзамдарын бузбашы керек деп жатабыз. Ошондой эле молдолор ата-энелерге Кыргызстанда жашы жете электерге үйлөнүүгө мыйзам тыюу саларын түшүндүрсө жакшы болот эле.

Илибезова Өзбекстанда муфтият мамлекеттик нике күбөлүгү жок болсо, молдолорго нике кыйууга тыюу салганын мисал тартты. Бирок диний кызматкерлер мындай сын-пикирлерге макул эмес.

Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаевди угалы:

- Факт болуш керек, далилдениши керек. Ушундай болуп жатыптыр деп эле молдолорду сындай берген болбойт. Фактылар болсо айтсаңыздар, биз аларга сиздерден да катуу чара көрөбүз. Кыздын жана ата-энесинин макулдугусуз кыйылган нике, нике болуп саналбайт. Биз дайыма имам-хатибдерге мажбурлап нике кыюуга болбойт деп айтабыз.

Изилдөөдө 2009-жылдан баштап, үй-бүлөгө жана өспүрүмдөргө каршы кылмыштардын саны көбөйгөнү белгиленет. Мисалы, «жашы 17ге чыга элек жаранды никеге турууга мажбурлоо» боюнча 2009-жылы 7 кылмыш иши катталса, 2012-жылы кылмыштардын саны 13кө жеткен.

XS
SM
MD
LG