Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Түркиялык күрт согушкерлери өлкөдөн чыгып кетүүдө


Түркиядагы күрттөрдүн партиясы күрт согушкерлери он миңдеген элдин өлүмүнө алып келген дээрлик 30 жылдык карама-каршылыкты токтотуш үчүн өлкөдөн чыга баштаганын кабарлады. Күрттөрдүн Тынчтык жана Демократия партиясынын расмий өкүлүнүн айтымында, согушкерлер Түркиянын түштүк-чыгышынан өздөрүнүн негизги борбору деп санаган Иракка чогула башташты. Ал өкүл мындан башка кабар айткан жок, муну түрк расмий бийликтери да ырасташа элек. Иши мыйзамсыз деп табылган Күртстан эмгекчилер партиясы (ПКК) камактагы лидери Абдулла Ожалан менен өкмөт ортосунда жарашуу боюнча келишимдин негизинде өзүнүн козголоңчуларын өлкөдөн чыгарып кетүүгө макул болгон. Түркияда ПККнын эки миңдей аскери бар. Бирок алар куралын таштоого каршы экендиги тууралуу да сөздөр айтылууда.

XS
SM
MD
LG