Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:13

Чоң-Алайдагы мектептер текшерилүүдө


Чоң-Алай районундагы Көк-Суу орто мектебинде кенже класстын окуучулары түшкү тамактан ууланган соң райондогу бардык мектептердин ашканалары текшерилди. Бул тууралуу “Азатыкка” аталган райондун акими Абдылазиз Ашыралиев кабарлады. Анын айтымында, башка мектептерде санитардык эрежелердин бузулганы катталган жок. Ал эми Көк-Суу орто мектебин райондук ички иштер бөлүмү, прокуратура жана оорукананын өкүлдөрү текшерди. Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иш козголушу ыктымал.

Шаршембиде Көк-Суу мектебинин 11 окуучусу ууланып, ооруканага жаткырылган. Аларга гастроэнтерит деген диагноз коюлду. Окуучулардын абалы түзүк.(BkA)

XS
SM
MD
LG