Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Пакистанда экс-премьердин уулу уурдалды


Ал арада шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнүндө Пакистанда куралчан кишилер мурдагы премьер-министр Юсуф Реза Гиланинин уулун уурдап кетишти.

Полициядан кабарлашкандай, жергиликтүү кеңешке депутаттыкка аттанып жаткан Хайдер Гиланини бүгүн Мултан шаарындагы митинг учурунда уурдашты. Куралчандар Гиланинин жан сакчыларынын бирин өлтүрүп, беш кишини жарадар кылышканы да айтылууда.

Бүгүн Пакистанда шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү. Өнөктүк башталгандан бери эле өлкөнүн ар кайсыл жерлеринде талапкерлерге чабуулдар болуп келатат. Акыркы 24 сааттын ичинде деле кеминде беш талапкерге Карачи, Кветта, Хайбер Пантунхва провинцияларында кол салуулар катталган.

XS
SM
MD
LG