Бүгүн Сочиде Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон менен Орус президенти Владимир Путин жолугат.
Эки өлкө лидерлеринин сүйлөшүүлөрү негизинен Сириядагы жарандык согуш жөнүндө болоору болжолдонууда. Сирия боюнча Улуу Британия менен Орусия каршылашкан эки башка тарапты колдоп келе жаткан мамлекеттерден. Британия сириялык козголоңчуларды ачыктан-ачык колдосо, Орусия Башар Асаддын режимин курал менен камсыз кылган эски өнөктөштөрүнүн бири. Бирок Камерон АКШ менен Орусиянын Сириядагы согушту токтотуу боюнча эл аралык конференция өткөрүү демилгесин колдоого алды.
АКШ жана Орусия Сириядагы кан төгүүнү токтотуу үчүн Башар Асаддын өкмөтүнүн өкүлдөрү менен козголоңчулардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоо максатында конференция өткөрөөрүн ушул жуманын башында билдиришкен. Эки жылдан бери жүрүп жаткан Сириядагы кандуу калабадан 70 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылды.