Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

АКШда Максим Бакиевге каршы козголгон кылмыш иш жабылды


Бул тууралуу АКШдагы BusinessWeek басылмасы өлкөнүн Юстиция министрлигине шилтеме кылып кабарлады. АКШда Максим Бакиев "баалуу кагаздар боюнча көз боёмочулук кылган жана башка экономикалык кылмыштарга аралашкан" деп шектелип, издөө жарыяланган болчу.

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев былтыр күзүндө, АКШнын өтүнүчүнүн негизинде Британиядан кармалган. Кийинчерээк күрөөгө бошотулган жана АКШга өткөрүп берүү жагдайлары каралып жаткан эле.

Максим Бакиев атасы бийликте турганда президентке караштуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикти жетектеген. 2010-жылы бийлик алмашканда ага ири суммадагы мамлекеттин акчасын өз кызыкчылыгына пайдаланган, апрель окуясынан кийин өлкөдө болгон кутумчул окуяларга тиешеси бар деген айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG