Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Болгарияда кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат


Мөөнөтсүз шайлоо өлкөдө электр акысы кымбатташына, жакырчылыкка, коррупцияга нааразы болгон эл февралда көчөгө чыгып, премьер-министр Бойко Борисовдун өкмөтүн отставкага кетүүгө мажбурлагандан кийин жарыяланган.

Коомдук пикирди сурамжылоонун шайлоо алдындагы көрсөткүчтөрүнө караганда, мурда бийликте турган партия менен оппозициядагы социалисттер ортосундагы ажырым анчалык чоң эмес.

Шайлоо өнөктүгү айрым жаңжалдар менен коштолду. Прокурорлор добуш берүүнүн жуп алдында басмаканадан мыйзамсыз чыгарылган 360 миң бюллетень табылганын билдиришти. Оппозиция активисттери бул үчүн мурдагы өкмөттү айыпташып, шайлоо жыйынтыгы бурмаланабы деген кооптонуусун айтышууда.

Еврошаркет менен НАТОго мүчө Болгариядагы шайлоого 250дөн ашуун эл аралык байкоочу көз салып жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG