Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

Пакистанда жаңы өкмөттү мурдагы премьер-министр Навази Шариф курашы мүмкүн


Навази Шариф.
Навази Шариф.
Кечээги шайлоонун баштапкы жыйынтыктары Шарифтин Мусулман лигасы партиясы Улуттук ассамблеяда жеке өзү көпчүлүктү түзө албагандыктан, коалиция куроого мажбур болорун көрсөтүүдө. Эгер ардагер саясатчы Шариф өкмөт куроо укугун алса, бул анын премьер-министрликке үчүнчү ирет келиши болот.

Ал Лахор шаарынан жактоочулары астында сүйлөгөн учурунда Пакистандын саясий күчтөрүн кызматташтыкка чакырды:

- Эл үчүн, Пакистандын 180 миллион калкы үчүн, электр энергиясынын таңкыстыгынан, инфляциядан, жумушсуздуктан арылуу үчүн мен оппоненттерден биз менен бирге отурууну суранам.

Пакистандын шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, кечээги добуш берүүгө шайлоого укуктуу 86 миллион адамдын 60% келди.

Буга чейинки коалициялык өкмөттү башкарган Пакистан Элдик жана Авами улуттук партиялары бул шайлоодо олуттуу жоготууга учурагандай. (UE)

XS
SM
MD
LG