Өткөн жылдын эсеби боюнча Кыргызстанда орточо айлык акы 10 миң 890 сомду түздү. Бул 2011-жылдагы орточо айлык акыдан 16,5 пайызга жогору. Мындай статистика өкмөттүн 2012-жылдагы отчетунда берилген.
Өкмөттүн отчетуна ылайык, бир жыл ичинде калктын керектөө минимуму азайып кеткени көрсөтүлгөн. 2011-жылы бир адам бир айда эң аз 4390 сом керектейт деп белгиленсе, 2012-жылы ал 3441 сомго түшкөн.
Муну менен өкмөт өз маалыматында Кыргызстандагы орточо айлык акы керектөө минимумун дээрлик эки эсе жабат деп белгилеп жатат. (AKu)