Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Батукаев боюнча комиссия корутундусу парламентте каралат


Кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнүн бири саналган Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу ушул жумада парламенттин жалпы жыйынында каралат. Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү, “Ар-намыс” фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди. Анын айтымында, комиссия бир ай ичинде топтогон маалыматтар боюнча өз корутундусун даярдады. Корутундуну парламенттин бейшембидеги жыйынына алып чыгуу мерчемделүүдө.

9-апрелде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Парламент бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзгөн. Комиссия бир катар жетекчилерди кызматтан убактылуу четтетүүнү сунуштаган. Андан көп өтпөй эле вице-премьер-министр Шамил Атаханов кызматын өз эрки менен убактылуу тапшырган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG