Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Жалал-Абадда 120дан ашык кой күр кырылды


Жалал-Абаддын Сузак районундагы Ак-Чабыр аймагында айыл чарбалык уулуу заттар көмүлгөн жерде оттоп жүргөн 122 баш кой күр өлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. Маалыматка ылайык, уулуу заттар көмүлгөн жердин үстүңкү катмарын түстүү металл катары белгисиз жарандар чыгарып кеткен. Бул жер атайын тосулбагандыктан койлор оттоп кирип, ууланып күрүнөн өлгөн.

Учурда келтирилген чыгымдарды эсептөө жана кырсыкка күнөөлүүлөр боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG