Кечээги шайлоонун баштапкы жыйынтыктары Шарифтин Мусулман лигасы партиясы Улуттук ассамблеядагы орундардын басымдуу бөлүгүн аларын көргөзүүдө.
Шарифтин партиясына Пакистан парламентинин тикелей жол менен шайланган 272 орундун 130га жакыны тийчүдөй. Мындай сырткары ал аялдарга жана диний азчылыктарга ажыратылган орундардын да басымдуу бөлүгүн алса, 342 орундуу парламентте көпчүлүктү курай алат. Муну менен Навази Шариф премьер-министрликке үчүнчү ирет келип жатат.
Ал Лахор шаарынан жактоочулары астында сүйлөгөн учурунда Пакистандын саясий күчтөрүн кызматташтыкка чакырды:
- Эл үчүн, Пакистандын 180 миллион калкы үчүн, электр энергиясынын таңкыстыгынан, инфляциядан, жумушсуздуктан арылуу үчүн мен оппоненттерден биз менен бирге отурууну суранам.
Пакистандын шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, кечээги добуш берүүгө шайлоого укуктуу 86 миллион адамдын 60% келди.
Буга чейинки коалициялык өкмөттү башкарган Пакистан Элдик жана Авами улуттук партиялары бул шайлоодо олуттуу жоготууга учурагандай. Ал эми мурдагы крикет жылдызы Имран Хандын “Техриик-и-Инсаф” же "Адилеттик үчүн" партиясы бул ирет парламентке жаш жана жаңы фракция катары кирүүдө. (UE)