Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Батукаев боюнча комиссия корутундусу ушул жумада каралат

Бул тууралуу аталган комиссия мүчөсү, “Ар-намыс”  фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди. Анын айтымында, комиссия бир ай убакыт ичинде топтогон маалыматтар боюнча өз корутундусун даярдады. Корутундуну парламенттин бейшембидеги жыйынына алып чыгуу мерчемделүүдө.

9-апрелде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Парламент бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзгөн болчу.
XS
SM
MD
LG