Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

Жалал-Абад: курулуш башкармалыгында ири өлчөмдө акча желген


Жалал-Абад облустук прокуратура облустук акимчиликтин Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иш козгоду. Прокуратура аталган башкармалык 4 миллион сомдон ашык акчаны максатсыз пайдаланганын жана дагы 1 миллион сомдон ашык каражат кымырылып кеткенин аныктаган. 

2010-2011-жылдары билим берүү мекемелерин курууга жана мектепке керектүү эмеректерди алууга деп бөлүнгөн акча башкармалыкта иштегендердин айлыгын жана башка чыгымдарын төлөөгө жумшалган. Жалган документтер менен 2011 жана 2012-жылы кассадан ашкан акчалар кымырылган. Натыйжада жалпы чыгым 5,5 миллиондой сомду түзгөн. Азыр кылмыш ишти тергөө уланып жатат. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG