Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

АКШнын Нью Орлеан шаарында 19 адам жарадар болду


АКШ полициясынын кабарлашынча, Нью Орлеан шаарында 12-майдагы Энелер күнүнө арналган парад учурундагы ок атуулардан 19 адам жараат алган.

Жекшемби күнкү ок жеген бир нече адамдын абалы оор. Федералдык чалгындоо кызматы Нью Орлеандагы кандуу тополоңду “кадимки эле зобун-зордук” деп атады. Азырынча адамдарга ок атуунун себеби белгисиз.

Полициянын айтышынча, жарадар болгондордун арасында 10 жашар бала менен кыз, жети аял жана он эркек бар. Майрамдык парад кездеги ок атууга байланыштуу шектүү үч адам изделүүдө. Коогалаң болгон жерде, маалымдалганга караганда, 400дөй адам болгон.

XS
SM
MD
LG