Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:55

Кумтөр боюнча "Центерра Голд" менен сүйлөшүүлөр уланат


Бүгүн кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү менен “Центерра Голд” компаниясынын өкүлдөрү Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөрдү улантышат. Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн канадалык компаниянын өкүлдөрү Бишкекке келишти.

Буга чейин өкмөттө компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген консультативдик кеңеш түзүлүп, эки ирет сүйлөшүүлөрдү өткөргөн болчу.

Жогорку Кеңештин февраль айындагы токтомуна ылайык, кыргыз өкмөтү үч ай ичинде “Центерра Голд” менен соңку келишимди кайра карап чыгууга тийиш. Бул мөөнөт ичинде мунаса табылбаса, кыргыз тарап 2009-жылкы келишимди бир тараптуу жокко чыгарышы мүмкүн. (BkA)

XS
SM
MD
LG