Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Балыкчы-Жалал-Абад унаа жолуна 700 миллиондой доллар керек


Бул тууралуу бүгүн Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында айтылды. Долбоорго ылайык, жол Балыкчы-Кочкор-Чаек-Көкөмерен-Казарман-Жалал-Абад аркылуу өтөт.

Азыр Балыкчы менен Жалал-Абаддын ортосу 748 чакырымды түзөт. Альтернативдүү жол курулса, узундук 300 чакырымга азаят. Андан сырткары кошумча жумушчу орундар түзүлөт жана жол аралап өткөн аймактар өнүгөт.

Кара жолго жанаша темир жол да куруу болжолдонууда. Бирок азырынча өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген кошумча жолду куруу качан башталары, керектүү каражат кайдан алынары маалым эмес. (EBM)

XS
SM
MD
LG