Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Улуттук кеңеш жыйынында өкмөт жеме укту


Президенттин алдындагы Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууну солгун жүргүзүп жаткан үчүн өкмөт сынга алынды. Президент Алмазбек Атамбаев жалпы кабыл алынган чечимди айрым өкмөт мүчөлөрү көңүл сыртында калтырып, тиешелүү министрликтер өз багыттары боюнча иш алып барбай жатканын айтты. Бул сынды Улуттук кеңештин мүчөлөрү болгон Жогорку Кеңештеги фракция башчылары коштоп кетти.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбладиев бул долбоор жаңы кабыл алынганын, андагы тапшырмалар өкмөттүн иш планына киргизилип жатканын айтып, жооп кылды. Айрым өкмөт мүчөлөрү стратегияга көңүл кош мамиле кылганын мойнуна алды.

Ушул жылдын башында Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдарга белгиленген Өнүктүрүү стратегиясын кабыл алган. Анда беш жыл ичинде 70тей экономикалык долбоорду ишке ашырып, ички дүң өнүмдү эки эсе көтөрүү, айлык акыны жогорулатуу, жакырчылыкты 12 пайызга кыскартуу каралган. Ошондой эле туруктуу экономикага жана саясий системага ээ мыйзамдуу, демократиялык өлкө куруу максаты бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG