АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен бүгүн "Азаттыктагы" маегинде 3-майда Чүйдө АКШ учагы кыйрашы тууралуу суроого жооп берип жатып, эң оболу бул кырсыктан каза тапкан учкучтардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Бул эр-жигиттер Ооганстанда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотуу боюнча Эл аралык коалициянын мүчөлөрү болушканын, ал эми кырсыкка учураган учак АКШнын аскер кызматындагы эң ишеничтүү учактардан экенин белгиледи. Элчи учак өзүнө тагылган күнүмдүк милдетинен башка иштерди жасап жүргөн деген жоромолдорду четке какты.
Элчи айым учак кыйраган биринчи сааттардан баштап көмөк көрсөткөн кыргыз өкмөтүнө ыраазылык билдирди. Кыргыз тараптын көмөгү менен курман болгондордун тек-жайын иликтеп, кырсыктын себептери изилденип жатканын кошумчалады.
Элчи Спратлен ошондой эле “Азаттыкты” 60 жылдык мааракеси менен куттуктап, окуяларды калыс, ар тараптуу чагылдырган маалымат каражаты катары ишине ийгилик каалады. (EBM)