Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Күрт жикчилеринин алгачкы тобу Иракка келип түштү


Түркиядан чыгып жаткан күрт жикчилеринин биринчи бөлүгү Ирактын күрдү аймагынын Харур деген жерине келишти. Иши мыйзамсыз деп табылган Күртстан жумушчу партиясы (ПКК) камактагы лидери Абдулла Ожалан менен өкмөт ортосунда жарашуу боюнча келишимдин негизинде өзүнүн козголоңчуларын өлкөдөн чыгарып кетүүгө макул болгон. Түркияда ПККнын эки миңдей аскери бар.

Партиянын мүчөлөрүн шейшемби күнү эрте менен Иракта жайгашкан Күрт жумушчу партиясынын мүчөлөрү тосуп алышты.

ПКК 29 жыл бою Анкара менен күрөшүп келет, бул арада 45 000 адам каза тапкан. Бирок күрт жикчилдери түрк бийликтери менен мунасага жетишип, азыр алар Түркияны таштап, Иракка келишүүдө.

2013-жылдын март айында күрт жикчилеринин лидери Абдулла Ожалан Күрт жумушчу партиясын ок атууларды токтотууга жана согушчандарды Түркиядан чыгып кетүүгө чакырган (AiK).

XS
SM
MD
LG