Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

ФСБ АКШ дипломатын ФБРдин тыңчысы деп күнөөлөөдө


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы АКШнын Москвадагы элчилигинин саясий бөлүмүндө иштеген Фогл Райан Кристоферди орус коопсуздук кызматынын бир мүчөсүн Американын борбордук чалгындоо кызматына жалдоого аракеттенген кезинде кармаганын маалымдады.

15-майда Федералдык коопсуздук кызматы ал адам түнү кармалганын жана АКШнын элчилигине кайтарылып берилгенин маалымдады.

"Анын жанында атайын техникалык каражаттар, жалданып жаткан орусиялык жаранга жазуу түрүндөгү инструкциялар, ири суммадагы акча жана кебетесин өзгөртүү үчүн каражаттар бар эле”, - деп жазылат Федералдык коопсуздук кызматтын тараткан маалыматында.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги бул боюнча АКШнын Орусиядагы элчиси Майкл Макфолго кайрылды. Макфол Твиттерде суроолорго жооп берип жатып, бул суроого жооп берүүдөн баш тартты. (AiK)

XS
SM
MD
LG