Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

“Ак илбирс” кино сыйлыгы тапшырылат


Бүгүн кыргызстандык киночуларга экинчи жолу Улуттук “Ак илбирс” кино сыйлыгы тапшырылат. Уюштуруучулардын айтымында, сыйлыкка 40ка жакын тасма көрсөтүлгөн. Булардын ичинен калыстар тобу тандоонун алгачкы турунда 15 тасманы, экинчи турунда 11 тасманы тандап алган. Мына ушул тандалган 11 тасма ичинен бүгүн 12 номинация боюнча мыктылары аныкталып, сыйлык тапшырылмакчы. Сыйлык тапшыруу аземи “Манас” кинотеатрында өтөт.

“Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгын былтыр белгилүү кино ишмерлери негиздеген. Ал кыргыз кино өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатын көздөйт. Былтыр "Эң мыкты тасма" сыйлыгы режиссерлор Артыкбай Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакуновдун “Көч” аттуу даректүү тасмасына ыйгарылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG