Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Сирия: БУУ козголоңчулардын аракетин сындады


Улуттар Уюму сынга алган интернеттеги тасмада сириялык козголоңчу каза болгон өкмөттүк аскердин жүрөгүн сууруп чыгып, кескилеп оозуна салганы көрсөтүлгөн.

Тасмадагы адам Хомс шаарынан чыккан Абу Саккар аттуу козголоңчу отряддын мүчөсү экени айтылат. Бул тасма интернетке жайгаштырылган соң шейшембиде, БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллей козголоңчулардын аракетин сындаган билдирүү таратты. Анда Пиллей тасмадагы аракетти “аскерий кылмыш” деп атап, сирия оппозициясын бул окуяны иликтөөгө жана адам укуктарын бузбоого чакырды.

Сириянын оппозиция өкүлдөрү бул окуя тез арада иликтенип, күнөөлүүлөр жазаланат деп убада берди.

XS
SM
MD
LG