Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Азия олимпиадасында кыргызстандык үч окуучу төртүнчү болду


Индонезиянын Багор шаарында физика сабагы боюнча Азия өлкөлөрүнүн мектеп окуучуларынын олимпиадасы аяктады. Кыргызстандык команданын жетекчиси Сейит Жаанбаевдин “Азаттыкка” айтышынча, жалпы командалык эсепте Кыргызстан 20 команданын ичинен 12-орунду ээледи. Жеке алганда, Самидин Кылычбеков, Закирбек Маматир уулу (экөө тең Ош шаарындагы Себат мектеби) жана Бишкек шаарындагы №9-мектептин окуучусу Андрей Гагин төртүнчү орунду алган. Бул үчөө жана А . Мусаев, А. Добрынын деген окуучулар эми Данияда болчу физикалык олимпиадага барышат. Окуучуларды мелдешке Себат мектебинин физика мугалими Азатбек Исмаилов машыктырган. Жалпы командалык эсепте кытайлык окуучулар сегиз алтын медаль утуп, биринчи болгон. Андан кийинки орундарды Индонезия, Тайвань жана Орусиянын командасы ээлеген.(AU)

XS
SM
MD
LG