Өлкөнүн статистикалык башкармалыгынын маалымдашынча, жылдын биринчи кварталында өткөн жылдын төртүнчү токсонундагыдай эле ички дүң жыйым 0, 2 процентке ылдыйлаган. Эгер өлкө экономикасы жарым жылдан ашык өспөй жатса, рецессияга кабылган болот. Еврокомиссия ай башында Франциянын экономикасы быйыл рецессияга кептелерин эскерткен. Президент Франсуа Оланддын өкмөтү азыр экономиканы кризистен чыгаруу жана жумушсуздукту кыскартып, кардарлардын ишенимин арттырып, өндүрүштү күчөткөнгө аракет кылууда. Бир жыл мурда президенттик орунга отурган Оланддын рейтинги мурда болуп көрбөгөндөй төмөн.