Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:41

Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт


Бүгүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт.

Бул жыйынга Кыргызстандын делегациясын транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов баштап кетти. Жыйын жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын орчундуу маселелери каралат. Алардын катарында Баткендеги Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушун жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр болоору күтүлүүдө.

27-апрелде аталган жолдун курулушунан улам кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чатак чыккан. Анда ворухтуктар бул жолдун курулушуна каршы чыгып, жол куруп жаткандарга кол көтөрүшкөн. Бул окуядан Ак-Сай айылынын 12 жараны жабыркаган, унаа жана сарайлар өрттөлгөн. Окуя боюнча Тажикстандын расмий бийлик өкүлдөрү кечирим сурап, чек ара чатагында жабыркаган кыргызстандыктардын чыгымдарын төлөп берүүгө макул болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG