Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комиссия мүчөсү, депутат Алмазбек Баатырбеков билдирди. Анын айтымында, комиссия мүчөлөрү бир ай убакыт ичинде топтогон маалыматтар боюнча өз корутундусун даярдап, бул жумадагы парламент кароосуна алып чыгууга үлгүрбөй калды. Ошондуктан, корутундуну парламенттин 23-майдагы жыйынына алып чыгуу мерчемделүүдө.
9-апрелде Нарын шаардык соту кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Парламент бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзгөн.(BkA)