Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Чоң-Алайдагы жаңжалда кармалгандар бошотулду


Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Ашыралиевдин сабалышына байланыштуу кармалган 15ке жакын жаран бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Анын айтымында, буга акимдин милицияга жазган арызын кайтарып алышы себеп болду. Учурда райондун борбору Дароот-Коргонго чогулган жарандар тарап жатат. Жергиликтүү тургун Олжобай Сапиевдин айтымында, кен боюнча митинг эртең улантылбайт.

Кечээтен тарта Чоң-Алайдын тургундары Кара-Казык кенин кытайлык “Кайди” компаниясынын иштетиши мыйзамсыз деген жүйө менен нааразылык акциясын баштап, кенге кетчү жолду торошкон. Акция учурунда райондун акими Абдилазиз Ашыралиев сабалып, бул боюнча милицияга арыз жазган болчу. Бүгүн болсо митинг уланып, кен боюнча райондогу айылдык кеңештер кошмо жыйын өткөрдү.

Натыйжада жергиликтүү кеңеш "кытайлык компания мыйзамсыз иштейт, экологияга зыян келтирүүдө" деген жүйө менен анын ишин токтотуу тууралуу чечим кабыл алган. Кытайлык компания болсо бул чечимди мыйзамсыз деп, кенди иштетүү үчүн лизенциясы бар экенин билдирүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG