Ирактагы акыркы күндөгү удаа-удаа жардыруудан 20га жакын адам ажал таап, ондогон киши жараат алды. Өлкө түндүгүндөгү Киркук шаарындагы шиит мечитинде жанкечти жардырган бомбадан кеминде 4 адам каза болуп, 40тан ашыгы жараат алды. Жардыруу шаршембидеги кол салуудан кийин, шаар тургундары каза тапкандарга куран окуу үчүн келген учурда болгон. Ушул эле күнү Багдаддын шииттер жашаган кварталдарындагы мина катылган 2 автоунаанын жарылуусунан 12 адам апаат кетти. Түндүктөгү дагы бир Мосул шаарында согушчандар 2 аскерди атып өлтүрдү.
Акыркы мезгилде Иракта шиит жана суннит мусулмандарынын ортосунда мамиле курчуп кетти. Суннилер шииттер жетектеген өкмөттү сынга алып, өз укуктары чектелип жатат деп кескин аракеттерге барышууда.
Акыркы мезгилде Иракта шиит жана суннит мусулмандарынын ортосунда мамиле курчуп кетти. Суннилер шииттер жетектеген өкмөттү сынга алып, өз укуктары чектелип жатат деп кескин аракеттерге барышууда.