Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Ошто ит атардын огу адамга тийди


Ош шаардык “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ит атары аткан октон калаанын 40 жаштагы тургуну жабыркады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекеменин башкы инженери Турдали Жоробаев билдирди. Анын айтымында, окуя бүгүн эртең мененки саат 7лер чамасында болгон. Ишкана кутурманы алдын алуу максатында жолбун иттерди атуу иш-чарасын өткөрүп жаткан.

Итке атылган ок кайып барып көчөдө бараткан адамдын тизесине тийген. Ал киши ошол замат шаардык ооруканага жеткирилген. Ок сөөккө жетпей, денесин гана тилип кеткен. Бул маалыматты шаардык бейтапканадан да тастыкташты.

Учурда жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, кайра үйүнө жөнөтүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG