Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Грузияда кумсалар укугун коргоочулардын демонстрациясы кагылыш менен коштолду


Гомофобия менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган демонстрация бүгүн Тбилисиде мерчемделген эле. Бирок кумсалардын укугун коргоочулар чогулган жерге кумсаларга каршы активисттердин жоон тобу кол салды.

Полициянын айтымында, кагылыштан кеминде 17 адам жаракат алган. Алардын үчөөсү полиция кызматкери. Кагылыш башталганда полиция кумсалардын укугун коргоочуларды эл жыйналган аймактан автобус менен чыгарып кетүүгө үлгүрдү.

Кечээ Грузиянын Проваслав чиркөөсүнүн башчысы, Патриарх Илья бийликтерди демонстрацияга тыюу салууга чакырып, бул грузиндердин салтын кордогондук болорун белгилеген. Ал эми Тбилисинин мэриясы Ички иштер министрлигинен демонстрация учурунда кумсалар укугун жактоочуларды коргоону өтүнгөн.

Андан мурда шаршемби күнү премьер-министр Бидзина Иванишвили Грузияда сексуалдык азчылыктар “башка социалдык топтордой” эле укуктарга ээ экендигин айткан болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG