Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Түрк маданиятынын жумалыгы башталууда


Бүгүн Кыргызстанда түрк маданиятынын жумалыгы башталып жатат. Жумалыктын ачылышы кечки саат алтыда "Хаят Риженси" мейманканасында симфониялык рок концерти менен башталып, андан соң түрк бийчилери өнөрүн көрсөтүп, түркиялык зергерлердин жасалгалары менен кыргыз кийимдеринин көргөзмөсү өтөт.

Жумалыктын алкагында эртең Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде көргөзмө ачылып, кечинде опера жана балет театрында чоң концерт өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” жумалыктын уюштуруучуларынын бири болгон Түркия элчилигинен билдиришти. (AKu)

XS
SM
MD
LG