Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Бүгүн "Евровидениенин" финалы АББАнын мекенинде өтөт


Бүгүн Швециянын Мальмө шаарында "Евровидение" ыр конкурсунун финалы өтөт. Анын ачылышында даңазалуу АББА тобунун катышуучулары Бенни Андерссон жана Бьөрн Улвеус биргелешип жазган ыр жаңырмакчы.

АББА 1974-жылы “Ватерлоо” деген ыр менен жарышты жеңип, дүйнөлүк масштабдагы карьерасы башат алган.

Быйылкы финалда 26 өлкөнүн өкүлдөрү ат салышат. "Евровидение" популярдуу музыкалык окуялардын катарына кирет. Былтыр, маселен, Азербайжанда өткөн финалды 125 миллиондой киши көргөн. Эң мыкты деп ошондо швециялык Лорин деген ырчынын “Эйфория” ыры табылган. Андыктан бул жолу конкурсту өткөрүү укугу Швецияга тийген.

XS
SM
MD
LG