Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Баткен: Чек арадагы жолго көпүрө салуу маселеси чечилди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров кабарлады. Анын айтымында Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө аяктаган кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында кыргыз тараптын талаптары эске алынып, Максат жана Кулунду айылдарын бириктирген 23 жана 42 метрлик эки көпүрөнү куруу келишимине кол коюлду. Эки жылдан бери Лейлектин төмөнкү аймагына көз карандысыз жол куруу аракети 75 гектар аныкталбаган жердин айынан жана кошуналардын каршылыгынан улам токтоп турган. Бул көпүрө курулса, Лейлек районунун төмөнкү аймагында жайгашкан 50 миңдей тургундун кыйналбай катташына мүмкүнчүлүк түзүлөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG