Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Евровидение сынагында даниялык ырчы биринчиликти алды


Швециянын Мальма шаарында кечээ кечинде жыйынтыкталган Евровидение ыр сынагынын финалында даниялык Эммили де Форест биринчиликке ээ болду. 20 жаштагы даниялык ырчы “Көз жаштар гана” аттуу ыры менен сынакта добуш берген 39 өлкөдөн 281 упайды чогулта алды. Ал эми экинчиликке азербайжандык Фарид Мамедов, үчүнчүлүктү болсо украиналык ырчы Злата Огневич ээледи. Европада бүйүр кызыткан бул сынакты 125 миллиондон ашык адам теле аркылуу көрүштү. Сынактын эрежелерине ылайык, кийинки жылдагы конкурс бул жолку баш байгенин ээси болгон Данияда өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG